Бишкек шаарында 14-январда Джееналиевтердин үй-бүлөсүндө өзгөчө той болуп өттү. Кыз узатуу, үйлөнүү той, бешик той 3 чоң маарекелер биргеликте мусулманча жана кыргыздын салттарынын негизде шаан-шөөкөтсуз, бий жана спирт ичимдиги жок өткөрүлдү. Тойдун жүрүшү туралуу ээси Сайпилла Джееналиевти кепке тарттык.

«Азыркы учурда тойлор көп, баарыбыз тойго барып келебиз. Бирок анын түпкү максаты бата алуу эмес, башка экендиги баарыбызга белгилуу. Бул маарекелерди өткөрүүнүн негизи максаты элден бата алуу болуп саналат. Бата кишинин жолун ачып, жамандыктан арылтып, жакшылыкка чакырат. Бата алууга анчейин көңүл бурулбай, той башкаруучулар болгону катардагы салтты бузбай эле эптеп бата тилеген болушат. Анан той-топурда ысырапкерчилик көп болот аябагандай. Кыргызда негизи эле динде ысырапкерчилик болбогону дурус. Балдарыбызга бата алганы батанын кабыл болуусун жана ысырапкерчиликтен алыс болорун тилеп, биз ата-эне жашайбыз. Жакшы тилек кылып, элдин тойун жегенден кийин биз да, элден бата алуу максатында той бердик» – деди Джееналиев.

Пандемияга байланыштуу той өткөрө алган алган эмес. Бешик той менен чогуу өткөрүүнү туура көрүшкөн. Тойдун дагы бир өзгөчөлүгү элден бата алуу максатында жана кыргыздын каада-салттарына шайкеш өткөрүп. Үйлөнүп жаткан күйөө менен келин төргө отурбастан, элге кызмат кылып, колдоруна суу куюп, келген конокторду сый менен тосуп алгандыгы болду. Жаш жубайлар Нурмухаммед менен Наргиза бул тууралуу айта кетишти. «Негизи 1 жыл болду баш кошконубузга пандемия болуп той өткөрүлгөн эмес эле. Элге Той бата алуу жана бешик тойду да чогуу өткөрүну туура көрдүк. Тойлор негизинен баары окшош өткөрүлүп калган. Эч кандай өзгөчөлүгү жок. Ошого биз ойлонуп, кыргыздын салт-саанасынын негизинде жана мусулманча кылып өткөрүүнү чечтик. Келген конокторго колдоруна суу куюп, тосуп алууну көрсөткүбүз келген. Кыргызда сый өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилуу. Келген коноктор ыраазы болуп бата берип кенкендиги бизди кубандырды «Коом өзгөрүлгөн сайын кыргыздын каада-салты унутулуп баратат.

Эң башкысы тойдо жаштар бийдин ордуна, кыргыздын урп-адат, каада салттарын көрсөтүп беришти .Бул тууралуу кыздын женеси айтып берди. Бул салт жалгыз Баткенде гана өткөзүлгөн «Тогуз табак» деп аталган салт. «Баткенде күйөө тарап, кыздын ата-энесине ыраазычылыгын билдирип тогуз табакты тасмал белек катары даярдалат. «Тогуз табак» аны жолдош балдар, кыздын женелеринен акчага сатып кетишет. Дагы бир өзгөчөлүгү, уул тарап кыздын кийимин өздөрү алып келип кийиндирет. Бирок кызды үйүнөн болочок кайындары көрө алышпайт. Алдын ала сүйлөшүүлөр карата кийиттери болот. Баткен тарап муну «сарпай кийгизүү» деп коюшат. Билгенибиздей кыргыздын салттары аябай көп. Ал эми салттарды сактап, билүү келечек муунга жеткирүү бул да, болсо элдин тарыхын билгендик, сыйлагандыкка жатат» — деп жыйынтыктады каарманыбыз.

Автору Орозгуль Аташова