Бир күн келет… Убагында сен сынап, теңиңе албаган кичи пейил кошунан сенден улуу даражада той өткөрүп, зангыраган сарайына конокко чакырат…
Бир күн келет… Сен сынаган тууганыңдын кыска көйнөк, сары чач кызы сенин кызына караганда кыйла бактылуу, орун очоктуу болуп түтүн булатып калат…
Бир күн келет… Сен баалабаган колунда жок күйөөң — бирөөнүн зыңкыйган жолдошу болуп, тапканы алда-канча берекелуу боло бир ак жоолукчандын колун кармап бараткан болот…
Бир күн келет… Убагында жоктон барды жаратып, сени ичпечи, чекпечи, кайда журосун деп зар какшанган аялын ун катпастан, сенин барын да жогун да кызыктырбай сени козго илбей калат…
Бир күн келет… Сен үчүн күн-түн иштеп, чарчаганын билбей, бүт өмүрүн сага арнап, башка эрге тийбей, жаштык кезин кечип салып бир гана балам үчүн деп өткөргөн апаңдын өмүрүнүн баркын сезген кезинде…. Апакен муздак жерде эч нерсе көрбөй бул жашоодон өткөн болот…
Бир күн келет… Тойгоздуң деп сен жекирген араккеч атаң сенин тоюңдун төрүндө күч-кубат болбой, батасына зар болосун…
Бир күн келет… Апа бул эмне, ата бул эмне, эмнеге мындай болот деп ар түрдүү суроолорду берип аткан балана — «жөн отурчу, муну сен түшүнбөйсүң, бул чоңдордун иши» — деп жооп берген балан сен карыганда «апа, ата, жөн өле отура берчи, бул жаңы технология, баары бир түшүнбөйсүң» — деген сөз угасың…
Бир күн келет… Сен тоготпогон паланчанын «неграмотный» баласына ишиң түшүп барып, ал жөнөкөй аяш уулун жадырап тосуп алып эчентен бери дайынсыз жүргөн «грамотный » баландын ден-соолугун сураганда — жер карайсын…
Бир күн келет… Сен жаман көргөн асанкайгы кайненең менен кайнатаң сен үчүн күйүп-бышып, балдарым көзүм тирүүсүндө жакшы жашоого кадам алып тың тирилик кылса экен деген максатта суйлөнөөрүн сезгениңде — алар бул дүйнөдө жок болушат…
Бир күн келет… Сен тоготпогон унчукпас келиниң сени жакшы эле сыйлап, жакшы кызмат кылаарын жүрөк туйганда кеч болуп, жаңы келиниңе ооз ачалбай мурункудай кыйын болбой калган күн келет…
Бир күн келет… Сен кемсинтип чанып кеткен адам, бул жашоонун сендей адамдары тарабынан берилген соккуларына талыкшып, чыйралып, кучтуу, айбаттуу адамга айланып, сендей адамдарга боору ооруу менен жылмайып гана алдындан отуп кетет…
Бир күн келет… Баланды, ата-эненди алыска таштап коюп алардан кабар алуунун ордуна — күнүмдүк өз кызыкчылыгынды ойлоп, ойноп өткөргөн жаштык кезиңди эскерип, жалгыз отуруп каласын….
Бир күн келет… Убагында ыссык тамагын даярдап, саат, мүнөт санап күтүп отурган аялыңдын даамдуу тамактары көздөн өтө… жаңы аялыңдын жумуштан келишин күтүп отуруп каласын…
Бир күн келет… Сен урматтабаган апаң-атаң теңдуу улуулардын эле балдары сенин да ата-энене дал ошондой орой мамиле күтөт…
Бир күн келет… Сен ойлогон эрсиз аялдын ордуна өзүң да түшүп, баардык эле эрден ажырашкандар жаман жүрбөгөнүнө, жыргап атпаганына көзүн жете жалгыз бой бала багып аткан аялдардын алдында жер карайсың…
Бир күн келет… Сен башын айлантып, үй-бүлөсүнөн сууруп чыгып, «бул мени гана сүйөт, мен жапжаш, супсулуумун» — деп чоң сүйлөп атканыңдан төрт жыл өтпөй сенден да жаш, сенден сулуу бийкеч жаңы төрөлгөн наристелериңдин атасын тартып кетет…
Бир күн келет… Сен ойноп таштап кеткен кыздардын баркын билип, дартың ичинде, өз кызыңа карай боорун ооруп, көзүңө жаш тегеренет…
Кыскасы … Бир күн келет… Азыр эмне кылып аткан болсоң дал ошол нерселер өз башына түшөт…. Ал күн тез эле… Бүгүн… Эртең … Же бөрсүгүнү… Андыктан жалаң жакшылык кылууну унутпаңыз.
Феруза Сатарова
Интернет булактарынан алынды.