Лейлек районунун Исфана шаарында «Инсан Лейлек» коомдук фондунун колдоосу менен 200гө жакын айымдардын катышуусунда «Өз бизнесинди түптө» деген аталыштагы долбоорунун алкагында ишкердиктин түрлөрү боюнча пайдалуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле «Мырзалардын кесибин аркалаган айымдар» тууралуу маалыматтар катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Ал эми бир катар кесиптерди аркалаган адистер тарабынан мастер класстар көрсөтүлүп, кесип тандоодо жана кесипке багыттоодо жоопкерчиликтүү болуу зарыл экени айтылды.