«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы карапайым калкка электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзүүдө кыянаттык кылууда.
Дегенибиз 2020-жылдын 25-ноябрында «Северэлектро» ААКы «Кыргыз почтасы» МИге Келишимди кайра түзүү зарылчылыгы тууралуу кат менен кайрылган. Бирок, аталган ишкана кандайдыр бир себептер менен Келишимди кайра түзгөн эмес. Эмне себептен Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасы мындай кадамга барганы белгисиз. Шаарда го мейли, аймактарда электр энергиясы үчүн кантип төлөм жүргүзүшөт? Же мамлекеттик ишкананын эл менен иши жокпу? Карапайым калкка кыянаттык кылган жетекчилик жоопко тартылабы? Аймактардагы элди ойлогон жан барбы? Учурда «Северэлектро» ААКы Келишимди кайра түзүү максатында «Кыргыз почтасы» МИге Келишимдин долбоорун жөнөттү. Ишкана кандай чечим кабыл алат белгисиз. Жетекчилиги эсине келип, элди ойлоп келишимди узартат деп үмүт кылалы. Болбосо элине кызмат кылбаган ишкананын барынан жогу.
«Северэлектро» ААКы билдирет:
Электр энергияга болгон төлөмдү комиссиясыз төмөнкү жайлардан жүргүзсөңүз:
–акционердик коомдун электр энергия сатуу кызматтарынын бардык кассалары;
–Чүй жана Талас облустарынын айыл-аймактарында төлөм кабыл алуучу акционердик коомдун 136 агенти (штаттан тышкаркы кассирлер)
–MegaСom компаниясынын сатуу жана тейлөө борборлору, MegaPay электрондук капчыгы жана MegaСom терминалдары.