Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2021-жылдын 15-январында Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Төрөкулов Дүйшөндү кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине (Коррупция) шектүү катары кармалды. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө комитетинин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жараны Шаменов Жантай Махсутович Чүй облусунун аймагында кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төрөкулов Д. КР УКМКнын СИЗОсунда кармоо менен, 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө профилактикалык чара көрүлдү.

Шаменов Ж.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.