Күн сайын медитация кылуу адам өмүрүн узартууну шарттайт. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып РИА Новости билдирген.

Медитация — адамдын тынч отуруп алып мээни тазалап, оюн иретке келтирүү жана дем алууну көзөмөлдөө.

Адистер 66 жаштан 81 жашка чейинки ыктыярчыларды тандап алып эксперимент жүргүзгөн. Алардын жарымына күн сайын 15-20 мүнөттөн өздөрүнө ыңгайлуу отуруп алып медитация кылуу тапшырмасын беришкен.

Үч ай өткөндөн кийин катышуучулардын кан басымы орточо көрсөткүчтөн бир топ төмөндөгөнү белгилүү болгон. Башка топтогулардан мындай нерсе байкалган эмес.

Мындан тышкары, изилдөө маалында биринчи тайпанын катышуучуларынын жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар 30 пайызга төмөн деп бааланган.

Илимпоздордун айтымында, күн сайын медитация жасоо стрессти, коркуу сезимин азайтат. Муну менен адам өмүрү узак болору белгиленди.

Булак: Спутник.кж