АТАҢ…

Сен андан пайда болгонсуң. Ал сенин өзөгүң. Аны ыраазы кылсаң — дилиң тынч,эгер нааразы кылып алсаң — бактысыздыгың ошол. Атаны ыраазы кылуу — Алланы ыраазы кылуучу жолдордун бири…

ЭНЕҢ

Бейишти анын бутунун астынан изде. Анын дубасы — түбөлүктүү казына,ыраазычылыгы болсо — эч тоскоолдуксуз бакыт. Көкүрөгүнө баш коюу — рахат. Эгер кызматын кылсаң — башыңдагы таажың ошол. Энең — бардык жакшылыктардын бийиги,бакыттын ачкычы…

КҮЙӨӨҢ…

Үйдүн коргоочусу,жаасы,огу…Ал сүйүү коргону, махабат дарыясы. Бары — бакыт, жогу — азап,машакат. Таң аны менен нурлуу. Анын бары — сыймык…кайын журт, тууган-уруктар арасында аброй. Үй-бүлө аны менен абат…

АЯЛЫҢ

Сага баш паана, жылуу жай. Курчап турган бакытың, кемчилигиңди жашырып турган парда. Өз кучагына алган ийин,жыпар жыт чыгарып турган атыр. Ага көз чаптыруу менен санааң жок болот…

УУЛУҢ…

Өзүңдү чагылдырып турган күзгү,сенин көчүрмөң. Балалык кези — кубаныч,жигит маалы — сыймык. Белиң бүгүлгөндө — таянычың,карылык жеткенде — жөлөгүң…

КЫЗЫҢ…

Мыкты тарбия берсең — тозоктон калкан. Мээрими сени курчап турат. Перзенттериңдин ичинен эң жакыны, сен үчүн эң күйүмдүүсү. Сага эмне керек экендигин айттырбай билип турат…

АГА-ИНИҢ…

Сенин көлөкөң…Душмандарың сага зыян бербесин деп дайым кабатырланып турат. Бала кезинде эң жакын досуң. Улгайганыңда — белиңдин кубаты…

ЭЖЕ — КАРЫНДАШЫҢ

Айткан насааты жан-дуйнөңө тынчтык тартуулап турат. Алардан кабар алсаң сооп табасың. Күйөөсүнүн алдында анын сыймыгысың. Ал эми муктаждыгы болсо аларга таянычысың… Тууганчылык мамилени эч качан үзүп койбо! Аны бекемде! Жалган дүйнөдө алар аркылуу түбөлүктүү бакытты колуңа кармап кал!!!

 

Каттабек ШАМШИЕВ.