Беш убакыт намазын өз убагында окуган аял, ичкиликти аябай жакшы көргөн бир адамга турмушка чыкты. Ар күнү үйгө күйөөсү ылжып мас болуп келет. Үйүнө соо келген күн болбойт. Динге берилүүсү өтө күчтүү болгон мусулман аял беш убак намаздарынын артынан күйөөсүнүн оңолуп кетишин жана ичкилик деген балээден куткаруусун Аллахтан сурап, көз төгүп жалбарат.

Күндөр өтөт, айлар өтөт. Аял өз күйөөсүнүн кызматын жакшы аткара берет. Кумарда жүрө турган күйөөсү аялынын жакшы адебинен, кылган кызматынан ыраазы. Бирок ага ушундай жүрүү адат болуп калган. Мусулман аял намаздарынан соң көз жашын төгүп, күйөөсүнүн жакшылыкка бут коюусун сурайт. Түндөсү ордунан туруп күйөөсүнүн тынчын албайын деп башка бөлмөгө чыгып намазын окуп, дуба кылат: — Аллахым! Өзүңдүн алдыңда күнөөкөр колдорумду ачтым. Сага жалбарамын. Мени кечир, күнөөлөрүмдү кечир,

я Раббим! Сага көз жашымды төгүп жалбарамын. Сенин ыраазычылыгың үчүн окуй турган намаздарым ж-а төккөн көз жаштарым, сага болгон чексиз ыйманым бир Өзүңдүн алдыңда туура болсо, Сенин ыраазылыгың бир ибадат жана ыйман берсе, эй Улуу Аллахым, ушулардын кадыры үчүн ушул учурда уктап жаткан күйөөмдү да кечир, оңдоп кой, ал күнөө иштеринен кайтсын. Күйөөмө хидаят бер, Эй Раббим! Эй, Рахмаан жана Рахиим болгон Аллахым! Дубамды кабыл кыла көр! Адаттагыдай эле, аялы намаз окуп жаткан учурда күйөөсү ойгонуп караса, аялы жанында жок, уктоочу бөлмөдө да жок. Ал адам шектене баштады. Масчылыктан башы ооруган адам, эмнеге аялым жок деп, жубайын издей баштайт. Добуш чыгарбай акырын бөлмөлөрдү караса, аялы сажда кылып, колдорун дубага ачып, көз жашын төгүп, Аллахтан сурап жатат: -«Эй Кечирүүчү Аллахым! Күйөөмдү да кечиргин!» Аялынын Аллахка болгон сүйүүсүнүн натыйжасында төгүп жаткан бул көз жаштары ал адамдын жүрөгүндө бир ыйман нуру болуп жаркырады жана ал акыл-эсин жыйды. Ал мындай деп Аллахка жалбара баштады: Эй, Кечирүүчү Улуу Аллахым! Мени кечир! Ушул жарым түндө жубайым мен үчүн көз жаш төгүп жаткан экен, мен болсо ал тууралуу жаман ойлорго барыптырмын. Аялым мени кечиришиңди Сенден жалбарып сурап жаткан экен мен болсо күнөөгө батып жатамын. Бул түшүмбү?! Эй Раббим мени кечир. Сөз беремин бүгүндөн баштап үй-бүлөм менен биргеликте сага карата өзүмдүн кулдук милдетимди аткарамын. Динибиздин белгиси болгон намазды окуймун. Кечинде, түндөрү аялым менен биргеликте намазды окуп, үйүбүздү нурлуу кылабыз,- деп Аллахка сөз берди, хидаятка жетишти. Күйөөсүнүн бул абалын көргөн соң, жакшы пейилдүү, чыныгы мусулман тарбиясы менен бойго жеткен бул жаш айым кубаныч көз жаштарын төгүп, күйөөсүнүн мойнунан кучактап кубанды жана: -Эй, Раббим! Сага миңдеген жана жүз миңдеген шүгүрлөр болсун! Күйөөмө хидаят бердиң. Намаздарымды, дубаларымды кабыл алдың. Сага миңдеген шүгүрлөр болсун, Аллахым, — деп кубаныч көз жашы менен Аллахка мактоолор ж-а шүгүрлөр айтты.

 

ДААНЫШМАНДЫК КАЗЫНАСЫ китебинен.