Дүйшөмбү, 18-январда, күндүзү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Талас аймагында +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, ал эми Нарын жергесинде -2…-7 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +11…+13, ал эми Ошто +13…+15 градусту көрсөтөт.