16-январда Ош шаарында КРнын эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аттуу чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, жазуучунун калемдештери, шакирттери, жакын санаалаштары жана туугандары катышты, — деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

 

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов эл жазуучусунун эмгеги баа жеткис байлык экендигин белгилеп, чыгармаларынын түпкү философиялык мааниси терең экендигин кошумчалады.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында шаар мэри белектерин тапшырып, акчалай колдоосун көрсөттү.

Кайрымдуулук кечеге келген конокторго классика жана эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланып, Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн баа көтөрүү (аукцион) көргөзмөсү уюштурулду.

Кубатбек Жусубалиев менен Клара Юсупжанованын 80 жылдыгына арналган сүрөт-календардын бет ачары болуп, автордун колу менен китептерин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Уюштуруучулардын айтымында түшкөн каражаттар К.Жусубалиевдин жаңы чыгармаларын басып чыгарууга жумшалат.

18-январь саат 11.00дө ОшМУнун Кыргыз-Европа факультетинин имаратынын 3- кабатында Кубатбек Жусубалиевдин офлайн жана онлайн кечеси уюштурулат.

Булак: Кабар.кж