Бишкектеги кичи автобустун айдоочулары иш таштап, каттамга алардын бир бөлүгү гана чыкты. Бул тууралуу Мэрдин м.а Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айдоочуларга кайрылуу жасады.

«Бүгүн  көптөгөн айдоочулар өз каттамдарына чыкпай калгандыгы жөнүндө маалымат бар. Биз силерди түшүнөбүз, бирок шаардыктарды дагы түшүнгүлө, пандемия, кризис болду. Тарифтин кескин көтөрүү жөнүндө айткандарыңар туура эмес. Биздин өзүбүздүн процедурабыз бар, аны Экономика министрлиги менен макулдашып, анан шаардык кеңешке маселе көтөрүшүбүз керек. Биз бишкектиктердин учурдагы абалына карап жол кирени көтөрүүгө даярбыз. Биз муну 2021-жылдын май айына чейин чечкенге аракет кылабыз », — деди Балбак Түлөбаев.

Ошондой эле ал  айдоочулардан алардын каттамдарга чыгууну суранды.

Белгилүү болгондой,  айрым кичи автобустардын айдоочулары, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабы менен каттамдарга чыкпай коюшкан.

Ошол эле учурда шаардык коомдук транспорттор,  троллейбустар жана автобустар кадимки тартипте иштеп жатышат.

Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн иш таштоо болбой тургандыгын билдирди.

«Эртең менен саат 7:30да кичи автобустардын 45 пайызы каттамга чыккан. Бүгүн баары каттамга чыгат», — деп билдиришти башкармалыктан.

Ошол эле учурда, социалдык тармактарда жүргүнчүлөр кичи автобустарды көпкө күтүп жаткандарын, айрым каттамдардагы кичи автобустар гана жолго чыкканын жазышууда.

«Урматтуу шаар тургундары. Коомдук транспорттун үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деп мэриянын өкүлдөрү социалдык тармактардын колдонуучуларына жооп катары жазып жатышат.