Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алууга багытталган комплектик иш-чаралардын башташты.


Бул иш-чаранын алкагында кызматкерлер бекитилген мектептерге барып, мектептердин айланасында жол коопсуздугун көзөмөлдөө, мектеп окуучулары менен жолугушуулар жана сабактар өткөрүлүп турат. Жөө жүргүнчү жана унаа ичинде жүргүнчү катары бара жатып кырсыка учураган балдары катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында, билим берүү мекемелеринде офлайн сабактар башталгандыктан, кызматкерлер мектепке үзгүлтүксүз барып, бекитилген мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатышат.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы