Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында инспекторлор төрөт үйүнө жете албай калган аялга жардам беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай,15-январда болжол менен саат 03.00 чамасында эркек киши милицияга кайрылып, жардам сураган, анткени аялы экөө төрөт үйүнө жетише албай калгандыктан, аял унаада толгоосу башталган. Инспекторлор ымыркайды өздөрү төрөтүүнү чечишет.

«Төрөт жакшы өттү, бала дени сак төрөлдү. Алар ооруканага жеткирилген. Ымыркайдын ата-энеси кубанып, инспекторлорго убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдиришти », — деп билдиришти Жол кайгуул кызматынан.