Ырчы Кайрат Примбердиевден «КР эмгек сиңирген артисти» наамы алынган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н. Кадырбеков эстрада ырчысы Курал Чокоев жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушуп, баарлашты.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды”,- деп жазылат маданият, маалымат жана туризм министрилиги тараткан маалыматта.