Ички иштер министрлиги кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары аныкталгандыгы жөнүндө билдирет. “Общактан” жүз миң сомдон ашык  жана бир нече миң доллар акча каражаты табылып алынды.  

КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  ведомстволор аралык топ Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 215-беренесинин 1-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Операция Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын демилгеси боюнча жүрүп жатат.

Ведомстволор аралык топтун курамына ИИМдин Криминалдык милиция кызматы, УКМК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын Тергөө башкармалыгы менен Ыкчам издөө башкы башкармалыгы кирген. Кылмыш ишинин материалын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын Тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эркиндигинен ажыратылган жайда криминалдык статуска ээ жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү аныкталды.

Соттолгон 1992-жылы туулган К.Э., 1987-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандар аныкталып, алар учурда ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазаларын өтөөдө. Эркиндигинен ажыратылган жайда жогоруда көрсөтүлгөн жарандар “положенец”  жана “смотрящий” криминалдык статустарга ээ. Алынган маалыматтарга караганда алар көп убакыттан бери соттолгон адамдардан опуза талап кылып, алдамчылык,   баңгизаттарды сатуу, андан сырткары жазаларды өтөө мекеменин ичинде, анын сыртында азарттык оюндарды өткөрүү менен алектенип жүрүшкөн. Топтолгон каражаттар “общактардык эсебине” жөнөтүлүп турган.

Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары “Элсом” мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган.  Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп коротулуп турган.  Кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү аныкталып,  алардан “общакка” деген акча каражаты табылып алынды.  Алар мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу жолдору менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандардын ичинде аял кишилер дагы бар.

Фигуранттардын жашаган жери боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 297 000 сом жана 8200 АКШ доллары табылды. Болжолдуу маалымат боюнча бул эсепте миллион сомдон  ашык акча каражаты болгон.

Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы