Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен багып алуучу ата-эне болуу үчүн кайда кайрылуу керек экендигин жана ким багып алуучу ата-эне боло ала тургандыгы тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, багып алуучу үй-бүлѳ – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды белгилүү бир убакытка келишимдин негизинде тарбиялай турган, атайын окуудан ѳткѳн үй-бүлө.

Ким багып алуучу ата-эне боло алат?

Окуудан, тандоодон өткөн жана 30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан ашпаган, багып алуучу ата-эне болууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун алышкан жарандар багып алуучу ата-эне боло алышат.

Багып алуучу ата-эне болуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандар арыз менен өзүнүн жашаган жери боюнча аймактык б.а. райондук/шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылуусу зарыл.

Кандай документтер талап кылынат?

-арыз;

— арыз ээсинин (арыз ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;

— никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк (эгер никеде турса);

— жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугу (эгер никеде турса);

— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалым кат;

— турак жайга менчик укугун ырастоочу документ, жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайды ижарага алуу жөнүндө келишим;

— жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу ички иштер органдарынын маалым каты;

— тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Тизмедеги оорулардын жоктугу тууралуу мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдардын медициналык корутундусу, бул оорулар болгон учурда адам камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу), багып алуучу ата-эне, баланы асырап алуучу катары таанылышы мүмкүн эмес;

— иштеген жеринен мүнөздөмө, же жашаган жери боюнча кошуналардын пикирлери (3төн кем эмес).

Кызматкерлер бардык документтерди алгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча минимумдук стандарттардын талаптарын эске алуу менен арыз ээлеринин жашоо шарты текшерилет.

Оң чечим чыгарылган учурда аймактык бөлүм тарабына арыз ээси окууга жиберет.

Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) жайгаштыруу баланын эң мыкты кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылат, бул анын туугандык байланыштарын сактоого, баланын оюн эске алууга, анын өөрчүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, кайсы этностон чыккандыгын, белгилүү бир динге жана маданиятка тиешелүүлүгүн божомолдойт.

Багуучу үй-бүлөдөгү балдардын жалпы саны өздөрүнүн жана багып алгандарды кошкондо, 5 адамдан ашпоого тийиш.

Багып алуучу үй-бүлөгө жашы жеткенге чейин төмөнкү балдар жиберилет:

1) жетим балдар;

2) ата-энелик укуктан ажыраган, ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелген балдар;

3) ата-энеси белгиленген тартипте жөндөмсүз же дайынсыз жок болуп эсептелген балдар;

4) ата-энеси соттолгон балдар;

5) балдардын жашоосуна, психикалык жана физикалык ден соолугуна коркунуч болгон үй-бүлөлөрдөн тезинен алынган (физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулукка дуушар болгон);

6) ата-энеси ден соолугунун айынан тарбиялай албаган жана бага албай калган балдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабай тарбиялоочу, дарылоо-алдын алуучу мекемелерде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же башка ушул сыяктуу мекемелерде болгон, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;

7) 18 жашка жете элек энеси менен бирге 3 жашка чейинки балдар;

8) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар.

Багып алуучу үй-бүлөдө балдарды багууну жана тарбиялоону камсыз кылуу үчүн аларды жайгаштыруунун төмөнкүдөй түрлөрү аныкталат:

1) тезинен жайгаштыруу — бир нече сааттан бир суткага чейинки мөөнөткө, эгерде бала коркунучта болсо же ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ташталган болсо;

2) кыска мөөнөткө жайгаштыруу — бир айга чейинки мөөнөткө;

3) орто мөөнөткө жайгаштыруу — алты айга чейинки мөөнөткө;

4) мезгил-мезгили менен жайгаштыруу — бир нече күнгө, эс алуу күндөрүнө, каникулдарга;

5) узак мөөнөткө жайгаштыруу — алты айдан ашык мөөнөткө.

Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген ар бир баланы багууга төлөмдөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген тиешелүү жаш курактагы балдар үчүн эки жашоо минимуму өлчөмүндө белгиленет.

Кошумча алынган балдарды багууга кеткен чыгымдар ар бир балага эсептелет.

Баланы тарбиялагандыгы үчүн багып алуучу ата-эненин бирөөсүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген жашоо минимумунун 1,5 өлчөмүндө ай сайын эмгек акы төлөнөт.

Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу багып алуучу ата-энелер менен балдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарынан келип чыгуучу алименттик, мурастык жана башка укуктук мамилелерге алып келбейт.