Кыргызстанда органикалык азык-түлүк өндүрүүчүлөрүнүн союзу түзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорациясы министрилигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, экологиялык таза азык өндүрүүчүлөрдүн союзун түзүү максатында аталган министрликтин башчысынын орун басары Бермет Турсалиева фермер, дыйкандар менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйындын максаты — ата мекендик ишкерлер өндүргөн органикалык азыктарды ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерге экспортто менен фермерлерди колдоо жана дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртуу.