Урматтын таң азанда тамагы кургап чыкты. Ал тарс жарылгыдай болуп ооруп жаткан башын мыкчый кармап кыйкырды:

— Катын, суу бер! Тамагым кургап калды…

Сегизинчи класста окуган кызы кесеге муздак суу алып келди да, атасына карматты. Кызынын көздөрү ыйлай берип шишип кеткен эле. Түндөсү ичип келип жаңжал кылганы көз алдына элестеп, кызынан кечирим сурамакчы болуп, оозун оңдоду эле, кызы унчукпай артына бурулду да, бурчта отурган апасынын жанына барып отурду. Апасынын жарылган башына дары суйкой баштады. Урмат ичинен бушайман боло аялына карады. Байкуш аялынын абалы өтө аянычтуу эле. Башы жарылган, көздөрү көгөрүп кеткен болчу…

— Түндө… Урмат башка суйлой албады. Аялын ушундай абалга салган өзүнөн жийиркенип, өзүн-өзү тилдеп жатты.

— Арак жасагандардын үйү күйсүн! Ылайым саткандардын да үйү күйсүн! — деп ыйлай баштады аялы.

— Ар ичкениңде эркек төрөбөйсүң деп жаңжал чыгарасын. Кудай уул бербесе менде не күнөө? Кыздарын кайсы уулдан кем?! Бир иш кылсан баары жанында турса… Эки кызыбыз турмушка чыкты. Кайната болдуү, жакында таята болосун. Не кереги бар ичкиликтин? Досторуна жолуктуң дегиче ичип келип жаңжал чыгарасын. Уялсаң боло…

Урмат сүйлөй албады. Ордунан туруп бети-башын жууду да, сарай тарапка басты. Кой-эчкилерин малга кошуу үчүн эшиктен чыгара баштады.

— Атаке! Суранам… бүгүн ичип келбенизчи, макулбу? Тез кайтыныз, келгичеңиз ысык мастава жасап турам сизге. Ыйлай берип көздөрү кызарып кеткен кызы жалооруй тиктеди.

— Макул, айым кызым. Ичпейм, сөз берем! — деди Урмат кызынын маңдайынан сүйүп. Малдарды кошуп кайтып келген атасын көргөн кызынын кубанычында чек жок эле. Дароо дасторконду жазып, атасына ысык мастава алып келди. Урмат тамактанып бүтүп, кызына ракмат айтты. Көздөрү көгөрүп кеткен болсо да, аялы да курсан эле. Бирок… — Кызым, дүкөнгө барып тамеки алып келейин. Тамеким түгөнүп калыптыр — деди Урмат чөнтөгүн сыйпалап.

— Мен өзүм алып келип берем, атаке! — деди кызы бир нерсени сезгендей кабатырлана. — Мектебиңе бара бер, кызым. Өзүм барып келем.

— Ичпейсиз ээ, атаке?

— Ичпейм кызым. Тез барып, тез кайтам. Сен мектептен кечикпе… Кызы атасынын жүзүнөн бир өптү да, сабагына шашты. Урмат болсо дүкөнгө… Барып дүкөндөн тамеки алып чыкты. Бул маалда достору да арак алганы дүкөнгө келген эле.

— Журу дос, кылт этмеден бастыралы…

— Ичпейм! Түндөсү мас болуп үйдө тополоң салыпмын. Урмат ушуну айтып алардан кутулмакчы болду.

— Эркек төрөбөгөн аялды токмоктош керек! Сен байкуш отуруштарда уулум бар деп көкүрөк керип отура албасаң… Сүннөт тойлордо элдин нан-ашын жеп, өзүң элге той бере албасан. Биз дагы Урмат досубуздун аялы эркек төрөптүр деп кочкор жетелеп баргыбыз келет. Урмат унчуккан жок. Эч нерсе дебей туруп жөнөй бергенде дагы бир досу сөздү улантты:

— Бар ошо аялыңдын жанына! Мүмкүн жакшылап аракет кылсаң натыйжа болуп калар. Кантип эркек төрөткөндү үйрөтүп коеюнбу же? Ха-ха-ха… Урмат шарт бурулуп досун сабап кирди эле калгандары ажыратып койду. Ызага буулуккан Урмат дүкөндөн эки бөтөлкө арак алды да, үйөо барды. Ичти… Дагы алып келип ичти. Аялы коркуп кошунаныкына чыгып кетти. Урмат аялын издеп кошунанын үйүнө барып уруш чыгарды. Айласы куруган аялы үйүнө кайтты.

— Сен канчыкка үйлөнбөгөнүмдө уулдуу болмокмун. Кет үйдөн, эненди… деп аялын тепкилей баштады. Мектептен келген кызы атасына жалынып ортого тушту эле, аны да ашатып сөгүп кирди.

— Топ канчыктар! Силерди башыма урамбы? Бирөөлөргө тийип кетесиң баарын. Мени эстейсиңерби, жокпу… кудай билет! Баарыңардын өлүгүңөрдү бир уулга алмашам!

— Андай дебеңиз, атаке! — деди кызы ыйлап.

— Дейм эле! Бешөөң биригип бир уулдун ордун баса албайсынар! Өлүп калсаңар да мейли! — деди Урмат ансайын күчөп. Ошол күнү жарым түнгө чейин жаңжал салган Урмат акыры чарчап уктап калды.

Эрте менен башынын ооруганынан эмес, аялынын ачуу чыңырыгынан ойгонуп кетти. Кызы асынып алган эле…

Автору Каттабек Шамшиев