ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери Краснореченск мектеп-интернатындагы кароосуз калган, материалдык жана социалдык колдоосу жок жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жолугуп келишти.


2021-жылы ИИМдин кызматкерлери Краснореченск мектеп-интернатына жардам көрсөтүү максатында көзөмөл кылганына 26 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында милиционерлер балдар үйүнүн администрациясына ар тараптуу жардамдарын көрсөтүштү. Министрлик ар дайым көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган окуутуунун көйгөйлөрүнө, тарбиялануучулардын окуусуна түшүнүү менен мамиле кылат.
Бүгүнкү күнү мектеп-интернатында 6 жаштан 16 жашка чейинки 150 ашык балдар тарбияланат.
Балдар менен жолугушуу салтка айланып калгандыктан, бул жолу милиция кызматкерлери жаңы жылдык белектерди, таттууларды, жер-жемиштерди, азык-түлүк продуктуларын алып барышты. Мектеп-интернатынын администрациясы менен макулдашуунун негизинде кеңсе товарлары, тиричилик муктаждыктары, ар бир балага кышкы бут кийимдер тапшырылды. Сатып алуулардын жалпы суммасы 151 916 сомду түздү.
Милиция кызматкерлери мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын, жумушчуларын жана мугалимдерин жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолукту, бейкуттукту, окууларына, спортто жана турмушунда ийгиликтерди каалашты.
ИИМдин жетекчилиги жана милиция кызматкерлери балдарга тартууланган ар бир жагымдуу мөөнөттөр алардын жан дүйнөсүнө жылуулукту тартуулады деп ишенебиз.

ИИМдин Басма сөз кызматтары