Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Бишкекте коронавирус – 21 адамдан, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 23, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери маалымдагандай, бир сутка ичинде 145 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 61, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирустан жалпы 1 миң 390 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 2 жана Ош облусунда – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 742 бейтап, амбулатордук түрдө 958 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 61 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 268 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 249 киши айыгып чыкса, 1 миң 390 адам каза болду.

.