Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарманке 2021-жылдын 23-январында шаардагы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

«Биз жарандардын өтүнүчүн эске алуу менен бир айда эки ирет жарманке өткөрүүнү туура көрдүк. Ар бир өткөн жарманкеде иш-чаранын форматын жаңыртып турабыз. Ошондой эле, жарандарды эл аралык бренддерден кем калбаган, өзүбүздүн сапаттуу ата мекендик бренддер менен тааныштыруу менен дыйкан, фермерлерди колдоо биздин эң негизги максатыбыз», – деди айыл чарба министринин орун басары Бермет Турсалиева.

Жарманке саат 10:00дө башталып, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:

• Эт азыктары – 390 сом;

• Жумуртка – 88-92 сом;

• Үй тооктору – 180-200 сом;

• Каймак – 220 сом;

• Быштак – 180 сом;

• Колдун айраны – 40 сом;

• Өсүмдүк майы – 112-120 сом;

• Картошка – 22-25 сом;

• Пияз – 15 сом;

• Сабиз – 20 сом, жашылчалар, суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.