Сахара чөлүнө кар жаады. Бул тууралуу фотограф Карим Бучетата Instagram баракчасына,Альжирдеги Айн-Сафра шаарына жакын жерде кар каптаган чөлдүн сүрөттөрүн жарыялады. Ошондой эле Сауд Арабиянын батышындагы Табук шаарына жакын жердеги чөлдө да кар жааганын сүрөткө тарткан.

Айн-Сафра шаары Сахара чөлүнүн четинде жайгашкандыктан, «Чөл дарбазасы» деген да аталышы менен белгилүү. Бул аймакка 2017-2018-жылы да кышында ушундай кар түшкөн болчу. Ал эми эң көп кар жааган аба ырайы 1979-жылы катталган.

«The Sun» басылмасынын маалыматында, Сахара чөлүндөгү аба ырайы ысык мезгилде +50 даражага чейин жетсе, суук мезгилде +12 даража  болот. Бирок быйыл аба ырайы 0 градустан да төмөндөп  -3кө  түшкөн.

Булак: Централ Азия ньюс