2020-жылдын декабрь айынын аягында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды таратуу менен алектенип жана аны сатууга кардарларды издеп жаткан жаран боюнча ыкчам маалымат алышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 267-беренеси (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды, жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу фактысын  аныктоо жана бул кылмыш ишине тиешеси бар жарандардын өздүгүн тактап кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Текшерүү учурунда бул маалыматтар толугу менен тастыкталган.

2021-жылдын январь айынын башында Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери гашиш баңгизатын саткан бир нече фактыны аныктаган. Тиешелүү бардык материалдарды жана далилдерди топтогондон соң шектүүлөрдү кармоо боюнча операцияны жүргүзүшкөн.

6-январь күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 1992-жылы туулган К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «Форд-Мондео» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизатты сатуудан түшкөн 3 миң сом акча каражаты табылып алынган. К.А. аттуу жарандан табылып алынган акча каражаты ыкчам-издөө иш-чараларында колдонулган  акчанын номерине дал келген.

Ошол эле күнү Ош шаарында баңгизаттар менен алектенген уюшулган топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган  1978-жылы туулган Д.К. аттуу жарандын жашаган жери боюнча токтоосуздан тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Баңгизаттарды таратууга шектелген жаран Д.К. үйүн тинтүү учурунда жашырып койгон жеринен сатууга атайын дозалары менен даярдалган баңгизаттар табылып алынган. Алар дагы столдун астынан, шкафтан жана терезелерден дагы табылган. Жалпысынан жалпы салмагы 40 грамм болгон өзгөчө жыты бар 7 баштыкка салынган жана ширенкенин эки кутусуна салынган заттар табылып алынды.  Ошондой эле, шектүүдөн баңгизатты сатуудан алган мурда белгиленген 5000  сом акча каражаты табылды.

Андан сырткары уруксат берүүчү документтери жок болжол менен газтравматикалык тапанча табылды.

Соттук-химиялык экспертизанын маалыматына ылайык табылып алынган заттар 24,53 грамм гашиш жана 5,94 грамм марихуана экендиги аныкталды.

Кармалган жарандан камакка алынды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы