Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору” мекемеси түзүлдү. Мындан ары окуу китептерин, окуу-усулдук комплексттердин сапатына жаңы түзүлгөн мекеме жооп берет. Аталган борборго педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги тегерек столдо билдирди.

«Окуу китеби» борбору» мекемеси 2021-жылдын январь айында иштей баштаган.