2021-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору уюштурган «Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптар» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго окуу китептеринин авторлору, келечекте автор болууну ниет кылган адамдар жана басма үйлөрүнүн жетекчилери катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев сөз сүйлөп, окуу китептеринин сапатын жогорулатуу министрликтин негизги милдеттеринин бири экендигине токтолду. Министр жаңы түзүлгөн Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору боюнча: “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору” мекемеси түзүлдү. Мындан ары окуу китептерин, окуу-усулдук комплексттердин сапатына жаңы түзүлгөн мекеме жооп берет”, — деп билдирди.

Бул мекемени түзүүнүн максат-милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • Окуу-усулдук комплексттердин (окуу китеби) мазмунун жакшыртуу;
  • Кыргызстандын мектептери үчүн китеп жазган авторлордун базасын түзүү, аларды окутуу;
  • Окуу китептерди экспертизадан өткөрүүчү эксперттердин базасын түзүү, аларды окутуп сертификациялоо;
  • Окуучуларды сапаттуу, катасыз, жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздоо;
  • Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу;
  • Санариптештерүүнүн алкагында “Электрондук окуу” китептерин даярдоону колго алуу, экспертизадан өткөрүү;
  • Басма үйлөрү, авторлор тарабынан даярдалган окуу китептерин экспертизанын 4 түрүнөн өткөрүү:
  1. Илимий экспертиза;
  2. Илимий-педагогикалык экспертиза;
  3. Антидискриминациялык жана гендердик экспертиза;
  4. Педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза.

Ошондой эле, министр мурда окуу китептери 1 гана экспертизадан өткөрүлүп келгенин, азыр болсо сапатты камсыздоо үчүн 4 экспертизадан өткөрүлүп жатканын белгиледи. “Мындан ары Кыргыз билим берүү академиясы (КАО) окуу китептерин экспертизадан өткөрбөйт. КАО окуу-усулдук колдонмолорду гана экспертизадан өткөрөт”, — деп кошумчалады министр.

Министрдин сөзүнөн кийин Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборунун директору Кыялбек Акматов мекеменин ишмердүүлүгү менен, ал эми “Китеп басып чыгаруу” секторунун башчысынын милдетин аткаруучу Эрнар Каныбеков “Окуу китептерин даярдоону уюштуруунун эрежелери” жобосунун жаңы долбоору менен тааныштырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы