Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев демилге көтөрүп, коомчулуктун колдоосу менен чек арада үй-бүлөгө жигули автоунаасын сатып беришди. Депутат бул жакшы кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Текстин өзгүртүүсүз беребиз:
«Чек арада жашаган үй-бүлө баарыңарга рахмат айтты достор, машинесин минип кетти!
2009-жылы чыккан жигули экен, 100 миң сомго алдык. (инжектор)
Акебиз өзү ооруканада болуп (чек ара чырында ок жеген мурда), жубайы уулу менен алып кетти. Чекчейген жаңы унаа алып бере албасак да, фейсбуктагы достордун чакан белеги бул бүлө үчүн чоң жардам болот деп ишенем!

Сиздерге рахмат, дээрлик эки саатта эле 70 миң сом котордуңар: Курсанбек Каныбеков, Кубанычбек Алибеков, Айбек Жолдошев, Мirbek Abdraximov, Жаныбек Нариев, Эмиль Туленбаев, Улан Асаналиев (Ulan Asanaliev) ж.б. досторду белгилей албасам кечирим сурайм. Мен да өз салымымды коштум. Көп түкүрсө көл болот!» — деп жазган эл өкүлү Жанар Акаев.