Кофени көп ичкен эркектер простата рагын алдын ала алышат. Бул тууралуу BMJ Open илимий журналына чыккан изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып Medical Express басылмасы жазды.

Бир нече өлкөнүн окумуштууларынан турган топ АКШ, Европа мамлекеттери жана Японияда жашаган 1 миллионго чукул эркекти изилдөөгө алышкан. Алардын арасынан 57 миңи простата рагына кабылгандар эле.

Сурамжылоонун жыйынтыгында залалдуу шишиктен оолак эркектердин 14 пайызы күн сайын бир нече чыныдан кофе ичерин айтышкан.

«Мындан улам илимпоздор изилдеп отуруп, кофенин простата рагына алып келчү клеткалардын өсүшүн токтотуп калчу касиети бар экенин таап чыгышты. Бирок азыр ал кантип иштеп, кайсы учурда жардам берери толук изилденип бүтө элек. Эгер кофенин курамындагы бул зат шишикке каршы кантип иштээри аныкталса, рактын бир топ түрүнө эффективдүү дары табылды деп эсептесе болот», — деп айтылат макалада.

Бирок адистер көп өлчөмдөгү кофе организмге зыян дагы алып келерин айтып, бир күндө эки чыныдан ашык ичпей эле коюуну сунуштайт.

Простата рагы — дүйнө жүзү боюнча эркектер арасында эң көп жайылган айыккыс илдеттердин бири. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасы боюнча, ар бир жетинчи эркек 65-70 жашка келгенде бул дартка чалдыгат.