19-январь күнү Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматкерлери “Көңүл бургула балдар” рейдин өткөрүштү. Анын жыйынтыгында жол эрежелерин бузган же болбосо жол коопсуздугуна катышкан жаш өспүрүмдөр катталган жок. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда мектептер ачылып, жалпы мектеп окуучулары жолдо жүрүүдө жол эрежелерин сактоо айрыкча башталгыч класстар арасында калыптана элек. Күн сайын эрте менен мектеп ачылышына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо максатында иш алып барышат.

Ага кошумча,  “Мектептен үйгө, үйдөн мектепке” аталыштагы темада мектеп окуучуларына жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан окуу лекциялары өткөрүлүп, жолдо жүрүүнүн эреже тартиби окутулууда.