ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунда 2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешмеге болуп өттү. Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары, батальондун командирлери жана атайын операциялар отрядынын командирлеринин 2020-жылдын ичинде аткарылган кызматтык иштери боюнча маалымат беришти.
Полктун командири милициянын полковниги А.Султаналиев өткөн жыл ичиндеги кызматтык тапшырмаларды аткарууда алдына коюлган күжүрмөн кызматтык милдеттерин үлгүлтүксүз аткаруу менен бирге спорт жаатында дагы ийгиликтерди жаратып, чет өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды жеңген кызматкерлердин жетишкен ийгиликтерин бейгилей кетти. Андын тышкары полктун кызматкерлери тарабынан кызмат башчылары, батальон командирлери, атайын операциялар отряддарынын командирлери тарабынан орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюну табыштады. Жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө баардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонууну кызматтык тартипти сактоону, өздүк курамдын мораладык психологиялык, дене-тарбия, спорттук жана кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну, күтүлбөгөн тапшырмаларды аткарууга ыкчамдыкта даяр болуусун талап кылды.
Ошондой эле жыл ичинде өз милдеттерин мыкты аткарууда өзгөчөлөнгөн кызматкерлер «Кесиби боюнча мыкты милиционери» жана «Кесиби боюнча атайын операциялар отрядынын мыкты ыкчам өкүлү» сынактарынан жеңген кызматкерлер полктун командиринин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы