Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин буйругу менен жер-жерлерде милициянын көчмө кабылдамалар иштеп жатат. Анын курамында аймактык тескөөчүлөр жана жашы жетелек балдар менен иштөөчү инспекторлор дагы бар. Көчмө кабылдамага түшкөн маалымат боюнча Ош ШИИБнын жашы жетелектер менен иштөө боюнча аймактык инспекторлор Ош шаарынын Джим көчөсүндөгү оор шартта жашаган 27 жаштагы аялдан кабыл алышты.
Көрсө, бул аял көп ичкендиктен балдары кароосуз калып калган, мурда адегенде бир кызын, кийинчерээк дагы 6 айлык жана 3,5 жашар эки кыздарын мамлекет өз карамагына алган. Энесине сыноо мөөнөтү берилген. Сыноо мөөнөтүндө энесинин жакшы тарапка өзгөргөнү байкалган эмес. Турак-жайын таза карабайт, санитардык талаптарга жооп бербейт. Балдар инспекциясында атайын тизмеде турат. Буга чейин дагы милиция кызматкерлери энеден кабар алынып тургандыгы анык болду.
Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын балдар боюнча атайын комиссиясы аталган эненин жакшы тарапка өзгөрүүгө аракет жасабагандыгын, дагы эле ичип жүргөндүгүн эске алып, буга чейин мамлекеттин карамагында каралып жаткан 6 айлык жана 3.5 жашар кыздарын мамлекет кароосун улантууга чечим чыгарышты. Ал эми балдардын апасы менен милиция кызматкерлери сүйлөшүшүп, аны атайын дарыланууга көндүрүштү. Эми жаш эне милиция кызматкерлердин жардамы менен аракечтикке каршы дарыланат, психологдун жардамы көрсөтүлөт.
Үчүрда Ош шаарынын аймагында жаш балдарга камкордук көрсөтүүгө, зомбулуктун алдын алууга багытталган иш чаралар уланууда.
Сүрөттө: баласы мамлекетке алынган эненин үй шарты
Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы