Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулары тез аранын ичинде коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдоого  белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик сайттарга шилтеме берип жазды.

Аталган окуу жайдын командасы ушул тапта AstraZeneca вакцинасы менен иштеп жатат. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммына каршы изилдөө жүргүзө турганын айтышкан.

Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы штаммдар боюнча илимпоздор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.