Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырды. Өкмөт отставкага кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге билдирди. Ал белгилегендей, жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. Ант берүү иш-чарасына кимдер катышары тууралуу Касмамбетов буларды айтты.
Сүйүнбек Касмамбетов: Инаугурацияга коомчулуктун өкүлдөрү, окумуштуулар, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, саясатчылар, эл жазуучулары, эл артисттери, парламенттин бардык экс-спикерлери, бардык экс-премьер-министрлер, экс-президенттер, президенттикке талапкер болгондор жана Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Садыр Жапаровдун штабынын каалоосун эске алып, чакырылгандардын 70%ы жөнөкөй жарандар болот.
Башка мамлекеттердин президенттери чакырылган жок, анткени бул ички мамлекеттик иш-чара, ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал эске алынды. Бирок Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге чакыруу каты жөнөтүлдү
Президенттин аппарат башчысы кошумчалагандай, аземди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети иш алып барууда.
Инаугурация 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөрүн белгилеп, 70% жөнөкөй жарандар катышарын айтты.
Ал о.э. иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын так сакталышы менен өтөрүн кошумчалап, ар бир катышуучу ПЦР-тест тапшыруусу, ошондой эле беткап кийип жүрүүсү зарыл деди.