Мусаев Сыртбай Жолдошович Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка пезиденттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон.