Бул тууралуу, Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инагурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.

«Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин Кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жол жапканды токтотот», — деп жазды Марипова.

Белгилүү болгондой, буга чейин , Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу пландалганы белгилүү болгону айтылган.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.

Мындай маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулары пандемия шартында чоң суммада акча каражатын сарптоо ылайыксыз экенин белгилеп, каршылыгын билдиришкен.