Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Баткен облусунда АРИС тарабынан ишке ашып жаткан “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” жана “ Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорлорунун максаттары, милдеттери жана ишке ашыруу механизмдери менен тааныштыруу үчүн тегерек стол өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоору үчүн 21,0 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошумча каржылоо жөнүндө макулдашылган.

Анын алкагында алдыда баткен облусунда 19 айылдын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн кошумча каржылоо болот.

Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат.

Ошондой эле, калктын аярлуу катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен пайда болгон тобокелдикти азайтууда, айылдын инфратүзүмдөрүнүн жакшыртууга жардам берет. Мисалга алсак, биринчи медициналык жардам көрсөтүү пункттарына, же суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена менен байланышкан муктаждыктарга.

Ага кошумча айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, элдик чеберчилик жана тигүү буюмдарын өндүрүү, санариптештирүү жаатына жаштар жана аялдарга колдоолор болот.

Каржылоонун натыйжасында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100миң акш долларын түзөт.

Ал эми “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун максаты, тандалып алынган билим берүү, саламаттык сактоо ж б коомдук имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Учурда Баткен облусунда 12 айыл аймакта, тандалган имараттарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө.

Тегерек столго катышкан Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, аталган долбоорлордун, облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүдө жана элдин жашоо шартын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик органдарына жана тийиштүү мамлекеттик мекеме жетекчилерине, АРИС менен биргеликте тыгыз иш алып баруу менен, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууну тапшырды.