Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун төрагасынын кеӊешчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

— Урматтуу алыста жүргөн мекендештер жана коноктор!

23-январдан тартып Кыргызстандын аймагына кирген жарандардан ПЦР тестин жыйынтыгы талап кылынат. Саламаттык сактоо министри жакында маалымат берди.
Учурда, коронавирустун мутация болгон түрү чет өлкөлөрдө, айрыкча Лондондо жайылып, ал адамдын жаш курагын ылгабай жугуп жана тарап жатат. Бул илдет Россиянын аймагына дагы жеткени кабарланды.

Ошого байланыштуу, Кыргызстан дагы коопсуздук чараларын күчөтүп, элдин саламаттыгына кам көрүп жатат. Анын алкагында Республикалык штаб көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алды.

Урматтуу туугандар жана мекендештер! Кыргызстанга кирип жатканда эми бир аз ыӊгайсыздыктар болуп, талаптар мурдагыдан бир аз күчөтүлөт. Бирок бул жалпы элдин ден-соолугуна кам көрүү үчүн болуп жаткан аракет.

Барыбыздын эсибизде, өткөн жылы вирустун алгачкы жайылып баштаган учурунда, бизге келбей тургандай ишенбөөчүлүк мамиле жасаган элек. Бирок илдет биздин мекенибизге дагы келип, бир топ адамдардын өмүрүн алып кетти. Көпчүлүгүбүз ооруп, башыбыздан өткөрдүк. Ошондуктан, жаӊы күтүлүп жаткан вируска жоопкерчиликтүү мамиле жасап, алдын-ала сактануу чараларына көӊүл буруп, талаптарды аткаралы!
Бул маалыматты башкалар менен бөлүшүп, алыстан келүүсү күтүлүп жаткан тааныштарыӊыздарга дагы жеткирип коюну өтүнөбүз!

ПЦР анализинин жыйынтыгы учаар алдында мөөнөтү 72 саатан ашпоосу зарыл, 7 жашка чейинки балдардан анализ жыйынтыгы талап кылынбайт.
Ынтымактуу аракетибиз – барыбыздын саламаттыгыбыз! — деди Дайырбек Орунбеков.