Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү тейлеген аймактагы калк менен жолугушууларды өткөрүшүп, аткарган иштери тууралуу маалымат-отчетторду беришип, ошол эле мезгилде жашоочуларды түйшөлткөн маселелерди, арыз-даттанууларын угуп жатышат.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №5 жана №1 милиция бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери 21-январда шаарда алгачкылардан болуп эл менен жолугушууларды өткөрө башташты. Аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары жыйындарда тейлеген аймактагы криминогендик кырдаал, аткарган иштери тууралу отчет беришет. Жолугушууларда Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн башчысы Азиз Ташполотов, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысы Кожобек Козубаев катышышып, эл пикирлерин угушуп, коюлган маселелердин жолун биргелешип чечүүнү талкуулашып жатышат. Бүгүнкү жолугушууда калктын коопсуздукту коргоо маселелерине караганда жергиликтүү социалдык маселелер көбүрөөк түйшөлтө тургандыгы маалым болду. Жолугушууга келген эл милициянын ишинен сырткары суроолорду беришип, аларды тиешелүү шаардагы мекемелердин тиешелүү жетекчилерге жеткирип коюуну суранышты. Алар электроэнергия, газ менен үзгүлтүксүз камсыз болуу, убагында таштандылардын чыгарылышы, кошумча светофорлордун, жол белгилеринин коюлушу, баш-аламан болгон соода түйүнд өрүн тартипке келтирүү боюнча сунуштар эле. Милиция кызматкерлеринен компьютердик клубдарга жаш балдардын барышып, алаксыбоосу үчүн тез-тез рейддерди жүргүзүүнү, алкоголдук ичимдиктерди саткан соода түйүндөрүн чектөөнү суранышты.
Жыйын соӊунда Манас-Ата аймактык кеӊешинин аялдар кеӊешинин төрайымы Азиза Далбаева өткөн 2020-жылы милиция кызматкерлери эл үчүн эбегейсиз кызмат өтөшүп, элдин коопсуздугун саламаттыгын сактоого кошкон салымын белгилеп өттү. «Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлерине көпчүлүк эл ыраазы. Аларп силердин жасаган эмгегиӊерди көрүп турат. Көчөгө чыгуу дагы коопсуз болуп калды. Ушунун баарына милиция кызматынын салымы чоӊ болду. Рахмат Силерге. Бирок, элге кайрылып кетээрим, эл дагы милицияга жардам берели, «милициянын иши эле» деп көрмөксөн болуп кетпейли» деди. Андан соӊ мыкты иштеген кызматкерлердин атын атап, ыраазычылыгын билдирди.
Ош шаарынын аймагында милиция кызматкерлери эл менен жолугушууларын улантышууда.
Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы