Жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүздүктүн жана укук бузуулардын алдын алуу, үйүнөн жана балдар мекемелеринен өз алдынча кетип калгандарды аныктоо максатында 21-январь күнү ИИМдин КККнын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун өздүк курамы тарабынан «Кароосуз калган бала» аттуу рейддик иш-чара өткөрүштү. Рейд учурунда коомдук жайлар, соода борборлор, интернет клубдар жана башка мекемелер текшерилди. Компьютердик интернет клубдарын текшерүү учурунда ата-энеси же улуу адамдардын коштоосу жок жүргөн жеринен 10 өспүрүм менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 8 өспүрүм ата-энесине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшырылды. Андан сырткары 2 жашы жете элек өспүрүм Сокулук районунун жашоочулары болгондуктан, ата-энесине жана бир туугандарына тапшырып беүү үчүн ЖУАБка жеткирилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы