Мен үйдүн улуусумун. Менден кийин  эгиз сиңдилерим бар. Апам көп убактын бөбөктөрүмө арнап, мен атамдын кызы болчумун. Атамдын алгач ирет байпактарын жууп бергенде аябай кубанып, кызым чоңоюп калды деп мактаганы эсимде. Ал кезде 5-6 жашта болчумун.

Мектепти бутүп атамдын каалоосу менен дарыгер болдум. Окууну жакшы окудум. Жаңы жумушка орношуп, иштеп баштаганда атамдын айылдагы классташ досу мага куда түшүп келишти. Атам балдар өздөрү чечишсин деди. Жолдошум менен жолугуп, тааныштык, киного бардык 5-6 айча жолугуп турмуш курдук. Тоюбуз аябай жакшы өттү. Ошентип келиндик доорду сүрүп баштадым. Башында ал үйдө бир гана жолдошум мага жакындай сезилди. Жаңы келин болгондо энесинен адашып калган улактай эле болот экенсиң. Кайсы буюм кай жерде тураарын таппай. Акырындан баарына көнүп бараттым. Бир күнү манты жасадым. Кайынатам түйүшүп жардам берди. Көп нерселерди айтып берди. Өзгөчө жолдошумдун бала кезин. Аны мыскылдап күлүп жатсак сырттан кайынэнем кирди.

— Оо кокуй, эмне болду экөөңө каткырыгыңар таш жарып, — деди жактырбай. Атам:

— Ой жанагы балаңдын кичинекей кездеги жоруктарын кызыма айтып берип жатам, — деди күлкүсүн тыя албай. Кайынатам дайыма “кызым” деп кайрылат, ал эми кайынэнем “келин” дейт.

Кайынэнем жактырбагансып капталга өтүп отурду. Мен атама жакын болуп өскөндүктөн кайынатам менен бат тил табышып, жакшы сүйлөшөбүз. Кээде ооруулар тууралуу, кээде бир жаңы чыгып жаткан аппараттар жөнүндө баарлашабыз. Бирок, биздин бул маектешүү кайынэнеме көп жага берчү эмес.

Арадан эки ай өткөндө боюма бүтүп, ит талгак болдум. Эч нерсе жакпайт, оозума киргенин кусам. Тамак  жасаганда майдын жыты жүрөгүмдү айлантып, 20–30 жолу сырттка чуркап жатып араң жасачумун. Бир ирет кайынатам:

— Байкуш кызды кыйнабай өзүң эле жаса тамакты, абалын көрүп жатасың, — деди кайынэнеме.

— Биз деле ушинтип төрөгөнбүз, азыркылар билбейм таксикоз дешип эле төшөккө жатып алышат экен, — деп мени жаман карады.

Унчукпадым. Көп тамак жебей, гемоглабин түшүп, каным азайып, көзүм караңгылап, башым айлана баштады. Жолдошума айттым мен  дарыгерге барбасам болбойт деп. Ал да макул болгонсуду. Бирок кайынэнем, акча жок, баары тойго кеткен деп болбой, “Жесин тамак, мөмө-жемиш, дары менен бала төрөбөй деп жибербей койду”.

Акырында өзүм тааныган врачтарга чалып кеңеш алып, жашыруун жолдошумдан дары алдырып, өзүмдү-өзүм дарылай баштадым. Аны кайынэнем билип алып чуу салды. Баягы тойго кеткен акчаны, кийитти айта баштады. Ошол кезде кайынатам:

— Ээй кемпир, бас жаагыңды, тойго акча кетсе балаң үчүн кетти. Аны келген коноктор конверт менен алып келип чыгымды актап салды. Болду да кечке эле тоту куштай кайталай бересиңби, — деп урушуп салды.

— Иий келиниң келип өзгөрдүң, үйдөн чыкпай калдың, а дегенден тарабын алып турасың, — деп кайдагы жок сөздөрдү айтып буркурап ыйлап да, сүйлөп да жатты. Эмне кылаар айламды таппай жолдошума карадым. Ал мени карап, көзүмө тегеренген жашты көрдү  да эшикти тарс жаап чыгып кетти. Бөлмөгө кирип кечке ыйладым. Кайынэнемдин бул жоругун түшүнбөйм, күйөөсүн кызганып жатабы же баласынбы? Ошол күнү жолдошум таңга жуук мас болуп келди.

— Сени жакшы көрөм… Кетип калба суранам, апамды кечир,  — деп ыйлады…

 

Ойлосом көптөн бери үйгө бара элек экенмин. Атама чалып ал-жай сурашып ыйлап жибердим. Атам эмне болгонун сурады. Баарын айттым. Эртеси атам келип, чай ичип анан, “биз кызыбызды сагындык көптөн бери барбайт, бир аз күнгө мен алып кетейин” деп кайынатамдан уруксат сурап алып кетти.

Үйгө келип бир жумадай жүрдүм, такыр артка кайткым келбейт. Жолдошум чалат, сагындым апамды кечир дейт. Акыры атама айттым мен ал үйгө баргым келбейт, кыйналдым деп боздоп ыйладым. Атам чачымдан сылап, турмуш ушундай кызым, туруштук бересиң анан алдыга жыласың. Баары сен ойлогондой болсо жашоо кызыксыз болот. Анын үстүнө төрөсөң балаң атасыз өсүүсүн каалайсыңбы? — деди.  Апам байкуш “кудагый кандай неме даана түшүнбөгөн, барып айталы буларды башка жакка бөлүшсүн кызымды аларга кул кылып бердим беле” деп кобуранып баштады. Эки күн өткөндө жолдошум келип алып кетти. Үйгө жакындаган сайын  заарканам. Баягы окуя эске түшөт. Улам чарчадым деп шылтоолоп акырын басам. Үйгө келгенде баягы эле кайынатам ал жай сурашып жакшы тосуп алды. Кайынэнем ооз учунан учурашкан болуп сыртка чыгып кетти.

Күн өткөн сайын ичим чоңоюп баскан турганым оорлошуп ичим түйүлүп ооруй баштады. Өзгөчө таңга жуук, күн чыкканга чейин, кайра күн батып баратканда белим ылдый тартып ооруйт.  Ай күнүм жетип, толготуп ооруканага бардым. Баламдын мойнуна киндиги оролуп калып өлүк төрөлдү. Ошол кездеги абалымды элестете албайм. Аалам тарып, тогуз ай жүрөк астында каккан кичинекей жүрөк токтоп калганына ишенбей турдум. Ич-ичиме батпай жаздыктан баш көтөрбөй жатып калдым. Баланын күйүтү жаман экен….

Ооруканадан чыккан соң, жолдошум экөөбүз шаарга көчүп келдик, иштейбиз деп. Жумушка алаксып, көөдөндөгү кайгыны күн өткөн сайын унутуп, жакшылыктан үмүт үзбөй жатам. Балким кудайым бизге дагы наристе берээр чыгар. Эң башкысы пейилди ак, ойду таза кармоо керек тура. Канчалык кыйын болсоң да турмуш өзү тарбиялап алат экен…

Автору: Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.