Бүгүн, 22-январда Ысык-Көлдө «Ботош» каймана аты бар кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК менен ИИМ биргеликте УКТнын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүүдө, анын алкагында Ысык-Көл облусунда «Ботош» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү О.А. кармалган. Ал 1987-жылы туулган.

О.А. К.Асанбектин (Камчы Көлбав) кылмыштуу тобунун мүчөсү экени аныкталган. Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелген. Атап айтканда, 2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук чечими менен О.А. эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн,бирок ал үй камагынын шарттарын бузган.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.