Балбак Түлөбаев маршруттук таксиде жол кирени 15 сомго чейин, ал эми автобус жана троллейбустарда 10 сомго көтөрүүнү сунуштады

643

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, муниципалитет жүргүнчү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери менен маршруттук таксилердеги жол кире тарифин этабы менен көтөрүү маселесин талкуулады.

Мэриядан жүргүнчү ташуучу компаниялар тарифти 19-20 сомго чейин көтөрүү талабын койгонун белгилешти.

Мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев маршруттук таксиде жол кирени 15 сомго чейин, ал эми автобус жана троллейбустарда убакытка карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштады. Пенсионер жана кичинекей балдар 8 сомдон төлөйт.

Мындан тышкары, борбор калаанын транспорттук системасында реформа жүргүзүү үчүн мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүлмөй болду

Балбак Түлөбаев жол акысы 15 сомго чейин көтөрүлөрүн, себеби айдоочулар «бардыгын түшүндүрүп», шаар башчысына акыны көтөрүш керектигин далилдеп беришкенин билдирген.

Айдоочулар менен жолугушуп чыккандан кийин журналисттерге Түлөбаев:  «Айдоочулар күйүүчү май, унаа тетиктери канчага кымбаттаганын жана башка көйгөйлөрдү санап беришти. Пенсионерлер менен мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифти калтыруу пландалууда», – деп түшүндүргөн.