“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында, облустагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда Кадамжай районундагы 3 мектеп оптика-волокондук кабель аркылуу интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.Бул жумуштар аткарылса, облустагы мектептер 100% интернет менен камсыздалган болот.

Ал эми техникалык себептерге байланыштуу интернет байланышына туташтыруу мүмкүнчүлүгү жок, эң алыскы айылдардагы 2 мектеп бар.

Алар Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро башталгыч мектеби, Баткен районунда Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылындагы Н.Сүйүнов атындагы башталгыч мектеби.

Белгилей кетсек, билим берүү тармагын санариптештирүү алкагында, билим сапатын жогорулатуу, ата-эне менен баланын, мектептин ортосунда байланышын чындоо максатында “Дисковери” билим берүү мекемеси, “Медас холдинг” аркылуу EduPage, E-kundoluk программаларын колдонушуп, электрондук күндөлүк, электрондук журнал менен 166 мектеп иш алып барууда.

Облустун аймагындагы мектептерде 145 интерактивдүү доска орнотулган.

2020-жылда 22 мектепте электрондук китепкана орнотулду.

Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 168 мектепте видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Баткен облусунун аймагында жалпы 3 мектеп инновациялык мектептердин катарына кирип, иш алып барууда. Облустун мектептеринде 2181 компьютер бар.