Ушул жылдын 28-январында расмий түрдө президенттик кызматка киришери күтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун төш белгисин жана анын штандартын жасоого 579 миң сом башкача айтканда (6800 АКШ доллары) коротулары айтылууда. Маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасынын президенттеринин төш белгилерин Opal зер компаниясы жасап келет. Төш белгинин чыныгы баасы жана кандай металлдан жасалаарын билүү үчүн аталган компаниянын жетекчисине кайрылганыбызда ал: “Мындай маалыматтарды айтууга жана таратууга бизге уруксат берилген эмес”,- деп жооп кайтарды.
Эске сала кетсек, ушул эле компания Отунбаеванын, Атамбаевдин жана Жээнбековдун дагы төш белгилерин жасаган.
Булак: Жалбырак ТВ