Жанымдан карыш чыкпаган жакын адамым башкага баш кошуп, балам экөөбүздү …
Пенденин пешенесине жазылган тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес экен. Азыркы эркектер алсызбы же эрксизби? Бул суроону эркектерди жек көргөнүмдөн айтып жаткан жерим жок. Болгон чындык ушундай болгонунда. Эң бактылуу мүнөттөрдү канча бир секундда жокко чыгарып салуу, бул анын колунан келди. Ал деген мен сүйүп, ардактап, аздектеп, жүздүн арасынан тандап турмушка чыкккан адам. Кыз-жигит болуп жүргөндө жанымдан карыш чыкпай “жан” деп жүргөн адамым.
Жолдошумдун атасы авариядан каза болуп, апасы жалгыз чоңойткон. Турмуш кургандан соң да үчөөбүз чогуу жашадык. Кайынэнем аябай жакшы адам. Балам төрөлгөндөн баштап өзү карашып, канатына калкалап турду. А, кептин баары жолдошумда болду. Балам төрөлгөндө эч нерсе байкалган деле эмес, кийин чоңоюп баштаганда дарыгерлер аутист деген дешти. Муну уккан жолдошум ажырашам деп чыкты. Өзүм бала менен алышып, түн уйкум жоголуп, баламдын эртеңи кандай болот деп жатканда бул сунуш ого эле оор болду. Кайынэнем чарк айланып баласын алдап да каргап жатты, болбой туруп алды. Акыры кийимдерин чогултуп, кайынэнем үйдөн сен кет, мен келиним менен неберемди айыктырам деп баласын чыгарып салды. Көрсө мен боюмда бар кезде эле ал өзүнө башка кыз таап жолугуп жүрчү экен.
Ушунчалык баласаак болуп жаралыптырмын, түнү-күнү кудайга жалынып, баламды улам бир дарыгерге көрсөтүп, күн өткөн сайын өзгөрүүлөр болуп, акылына келе баштады. Үйдө тамак-ашка, баланын дарылануусуна каражат керек болуп, чач-тарачтын окуусун окудум. Кайынэнем балам менен үйдө. Бала 5 жашка келгенде акырындан китеп окуп берип, дарысын убагында берип болгон аракети менен карап жатты. Жолдошум, жаңы үйлөнгөн жубайы менен Россияга кетишиптир. Ал жакта такси айдап жүрүп бирөөнүн кымбат унаасын сүзүп алыптыр. Кантсе да эне эмеспи кайынэнем менин көзүмчө каргап-шилеген менен мен жумушта болгондо сүйлөшүп турушат.
Бир күнү жумуштан келсем кайынэнем капа көрүндү. Эмне болду апа, балага бир нерсе болдубү, бүгүн дарыгерге бардыңарбы, эмне деди? Деген суроолорду жаадырдым. Бала жакшы, дарыгерлер 7 жаштан мектепке берсенер болот дейт. Тигил, менин келесоо балам да баягы эле. Кудай ага уул бериптир, бирок анысы жүрөк оорулуу болуп төрөлүптүр. Аңгектен качсаң дөңгөккө деген ушул да. Сенин көз жашың, баланын убалы коймок беле, айтсам укпай койду эле, каап атасы тирүү болсо балким, тагдыры башкача болмок беле деген кайынэнем ыйлап жатты. Аны угуп турган жеримде менин да көзүмө жаш тегеренди, кантсе да көз ачып көргөн адамым эмеспи…
Автору Жазгүл Баяналиева
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.