Биз алты бир тууганбыз. Эки кыз, төрт уул. 2000-жыл болчу. Апам ооруп райондук ооруканага көрүнсө, суук тийген деп дары-дармек жазып бериптир. Аларды ичип, он күндөн кийин дагы барса, укол жазыптыр. Ага да болбогондо анан мага айтыптыр. Мен башка жакта жашагандыктан мурун билбегем. Апамды алып шаарга жөнөдүк. Инимдин үйүнө барып, иним экөөбүз анализдерин тапшырып бүтүп, эртеси жыйынтыгына барып, иним алып чыкканы кирип көпкө кечикти. Чыгып эле
— Апа анализдерди кайра тапшырабыз. Эми башка жерге.
Экөөбүз тең чочуй түшкөнүбүздү байкай калып,
— Апа булар сиздин боюңузда бар экен дейт ко! Чынбы?
Кызара түшкөн апам,
— Койчу кайдагы сөздү айтпай!!
— Ошо, да мен да айттым апам 55ке чыкса кайдагыны айтасыңар, силер текшергенди билбейсиңер экен. Мен жакшы текшергендерге текшертем деп баса бердим. Туура кылыптырмынбы?
Апам да башын ийкеп,
— Туура кылыпсың балам. Ушундай да доктур болобу капырай.
Апама тамашага салып алдап жатканын, инимдин оюу бир жерде болбой кыжаалат болуп турганын байкап турсам да апамдын көзүнчө эч нерсе дей албадым.
Дарбазанын жанына токтоп,
— Апа, сиз үйгө кирип дем ала бериңиз. Эртең дагы анализ тапшырганы барабыз.
Дарбазадан чыгып калган аялына карап,
— Апама жакшы кылып уйдун этинен кайнатма жасап бер. Эжем экөөбүз дарбыз алып келеличи, эжем жакшы тандаса керек.
Машина жүрүшү менен, инимдин эмне жашырып жатканын сурадым. Бирок жүрөгүм оозума тыгылып, жакшы сөз укпашымды сезип жаттым.
Апамдын тапшырган анализдеринен жатын жагынан рак деп чыгыптыр.
Мен озумду токтото албай ыйлап койо бердим. Иним мени сооротуп,
— Врачтар жеңил түрү экен деди. Операцияга берсек, дагы он беш жыл жашайт экен. Мен баары бир анализдерин Казакстанга жиберип текшертип көрүүнү чечтим.
Ыйлай берип шишиген көзүмдү көрүп иним, ыйлаганынызды апам көрсө шекшибесин. Өзүңүзгө келгенде кириңиз деп кирип кетти.
Андан кийин үч саттай убакыт өтсө да, көзүмдүн шишигени тарамак тургай, кайра тоодой болуп чыкты. Апамдан ажырап калам деген күйүт жанымды жеп, басыла албай койдум. Айла жок үйгө киришке туура келди
Апам мени көрө сала эмнеге ыйлаганымды сурап тынчсыздана түштү.
— Магазинден бирөө менен урушуп кеттим. Жаман сөз айтып сөгүп салды эле ошого ыза болуп ыйладым.
— Жинди неме го? Ошого ошончо ыйлайбы, теңелбей баса бербейсиңби
Апамдын ишенип калганына иним экөөбүз тең жеңилдей түштүк.
Ошентип экинчи анализдери Казакстандан да ошол диагноз менен келди.
Апама «бир турбаныз ириңдеп кетиптир, ошону операция кылып алып коюш керек экен» деп алдап онкологиялык ооруканага жаткырдык. Ал эмне деген оорукана экенин түшүнбөй жатып калды.
Апамды даярдаганча айылга барып мал сатып акча алып келиш үчүн жөнөдүм.
Кечинде үйгө келип атама айтпай койо албадым. Экөөбүз бир убакка чейин ыйлап бири-бирибизди сооротуп отуруп, таңга маал мал базарга бара турган болуп, уктап калган экенмин. Ойгонуп эле атамды таппай калдым. Издеп эшикке чыгып, сарайдын аркасындагы дөбөдө отурганын көрүп, атамды карай жөнөдүм. Эки жолу «ата’ десем да карабады. Жакындаганда, сүйлөп жаткан үнүн угуп туруп калдым.
— Оо кудай, Кекиндин ордуна мени ал!! Кагылайын кудай Кекиндин алдына ала көр. Мени артына калтыра көрбө!!! Кекиндин өлүмүн көзүмө көргөзө көрбө!!! Аны алгыча мени ал!!!
Мен атамдын жанына жетип барып
— Ата суранам экөөң тең өлбөгүлө!!! Антип айтпаңыз!
Мен тарапты караганда атамдын аккан жашы ээгинен тамчылап жаткан экен.
Мал сатып, акча кылып ооруканага келсем апам жанындагы аялды көргөзүп:
— Бечара келин рак имиш. Кудай жардам берсе экен деп калды. Мен эшикке чыгып ыйлап келем.
«Бул жерде рак менен ооругандар көп экен» деп калат.
— Апа, бул жерде аралаш жата беришет. Рак жугуштуу эмес да деп калп айтам. Өзүнүн рак экенин билбестен башкаларды аяп, айыгып кетишин тилеп жүрөт.
Апам операциядан чыкканда эч кандай рактын вирусу калбайт деп үмүттөнгөнүбүз бекер болуп, кийинки анализи да жаман чыкты.
Ыйлап сыктап жүрүп доктурлардын айтуусу боюнча, жок дегенде өмүрүн үч жылга кармаш үчүн, химия терапияга бердик.
Бул этап менен дарылангандан кийин, башка укол дарынын таасири тийбей калат экен.
Чачтары төгүлүп, арыктаган сайын жүрөгүбүз зыркырайт.
Үйдө жакшылап, ысыкка чыгарбай багып жаттык.
Атам апамдын эле көзүн карайт.
Күндөр өтүп, химия терапиядан кийин бир жыл өттү. Биз апамды кезек менен карап, менин кезегим бүтүп үйүмө келгениме үч кун болгондо, артымдан эле атам ооруп ооруканага түшүп калганын угуп, ооруканага жөнөдүм. Келсем атамдын өңү сапсары болуп кетиптир. Врачтар сарык деп таап дарылап жатышкан экен. Атам «эч жерим ооруган деле жок саргайып кеттиң деп эле жаткызып коюшту. Кемпиримдин жанына эле барайынчы» деп безилдейт.
Жатканына он күн болсо да жылыш болбогондо, шаарга жөнөдүк. Ал жактан үрөй учурган «рак» деген диагноз чыкты.
Ооруканага он беш күн жаткандан кийин, доктурлар үйгө барып он күн бул уколдорду алып, эс алып келсин деп үйгө чыгарды. Үйгө келгенде эле алыстагы, жакындагы балдар кыздарын баарын чакыртып, бир койду сойдуруп, коноктотту. Эртеси кете тургандар кете турган болуп калганда, бүгүн калгыла деп кетирбей койду. Бир баласына тырмагын алдыртып, бирисине жуундуртуп, киймин которунуп, эшикке чыгып тапчанда отуруп, балдарын бирден чакырып акыл айтып «Эми менин үйгө киргизгиле да апан экөөбүздү жалгыз калтыргыла» деди.
Апам атамдын жанында көпкө отурду.
Анан эле апамдын ыйлаганын угуп жүгүрүп кирсек, Атам үзүлүп кеткен экен…
Ошентип атамдан тез аранын ичинде эле ажырап калдык…
Атамын кыркы, анан жылдыгы өттө.
Апам өңүнө кирип оңоло баштагандай болду. Шаарга кезектеги анализин тапшырганы барганыбызда врачтар таң калгандан, эмне менен дарылаганыбызды сурашты. Албетте, элден укканыбызды эле кылып жаттык, бирок, өзүбүз да врачтар таң калат турган жыйынтык күтпөгөнүбүз чындык эле…
Кудайга миң мерте шугур!!! Апам азыр жакшы болуп кетти.
Апамдын ажалын кудайга жалынып жүрүп атам алып кетти.
Интернет булактарынан алынды.