Бир айылда жаңы үйлөнгөн чабан жигит жашачу. Кичинекей үйчөсү, бир аз малы, өзүнө жете турган тамак-ашы, эккен эгини бар эле. Үйүндө эски телевизору бар. Бош калса эле көзүн албай тирмилип карап олтурганы олтурган. Атактуулар, ырчылар, жылдыздардын жашоосуна карап көп кайталап, суктанып: «Эх, жашоо деп ушуну айт кандай гана бактылуу инсандар. Мага да бирөө келип ушундай жашоо тартууласа бар жогумду берип ыраазы болот элем» — деп өз жашоосуна нааразы. Болоор болбос шылтоо менен аялынын турганына, олтурганына киришип, кабагы ачылбайт. Бир күн малын жайып олтурса жасана кийинген, кинолордогу жигиттердей келишкен жигит келип, сурашып:
«Сиздин ичиңизде арманыңыз бар экен кааласаңыз жардам берем. Чабан жигит таңдана:
— Кандайча?
— Мен сыйкырчы боломун кааласаң сен суктанган атактуулар дүйнөсүнө алып барамын. Чабан жигит ары ойлонуп бери ойлонуп, бир ишенип ишенбей дароо макул болду. Жигит:
— Көзүңдү жум деди. Чабан жигит көзүм жумуп кайра ачканда көз жоосун алган чоң кабат-кабат, бар жогу бар үйдө жаткан экен. Анын жашоосу эми башталды кол астында кызматчылар, эшик алдында журналисттер, телефону тынбай кино, клиптерге чакыруулар артынан чуркаган кыздар жигиттин башын айлантып салды. Өзүн күзгүдөн көрүп тааныбай калды. Жигитке аябай жакты бул жашоо. Бир сулуу өзү сыяктуу кызга үйлөнгөнгө жетишти. Бирок чабан жигит күндөн-күнгө жашоодон ырахат албай кайра тажай баштады. Күндө ызуу-чуу жашоо, аяка бармай, тыяка бармай, конок болуу, баш оорумай. Аялы аты эле аял болбосо үй бетин көрбөйт, кулагынан телефон түшпөйт. Анын оюу, максаты элди өзүнө тартып, кийимдин модасын, салондун кымбатын бетине, келбетине, тырмагына кам көрмөй. Күйөөсүнө бөлгөн убагы деле жок. Чабан жигиттин балалуу болгусу келди, аялы күндө эртең менен кечинде иштен келсе күтүп алып бирге олтуруп тамактанып, жашоолорунун жакшы мөнөөттөрүн биргеликте өткөрүүнү каалады. Бирок аялы бул пландарды убагы келсе болот, азырынча атак-даңкты колдон чыгарбай ойноп, күлүп жашап алыш керек деп өз билгенинен калбады. Көзүн ачкан төшөгүнө барып кайра көзүн жумуп ичинен кайталай берди: «Мени өз жашоомо кайтар» — деп. Сыйкырчы жигит заматта пайда болуп:
«Сен шарт менен кол коюп кайткансың «мен кайтпаймын деп» эми болбойт» — деп жоголду. Жигит көзүн ачпай бакыра берди акырын көзүн ачса көзүнө көкмөк асман, жымжырт айланада эч нерседен кабары жок малдары оттоп жүрүптүр. Көрсө башынан өткөн көз ирмемдер түшү экен.
Чабан жигит ордунан тура калып, кубанып: «Эч качан! Эч качан» деп ичинен күбүрөнүп, бакырып бийлеп жатты. Дароо аялына чуркап барды. Аялы мурдагыдай жылуу жүзү менен: «Келдиңизби? Тамак даярдап койдум сиз олтура бериңиз азыр алып келем» — деп күйөөсүнүн астына жумшак төшөнчөлөрдү сала баштады. Тамактанып болгондон соң аялы: «Сизге жакшы жаңылыгым бар, жакында ата болосуз» — деди. Чабан жигит көзүнө жаш алып, чыныгы бакыт барчылык жашоодо эмес, чалыштап жетип-жетпей, жоктун кадырын баалап, жегенге тамагың, жашаганга үйүң, ишиң, ден-соолугуң болсо жакындарың менен күн кечирүү канчалык чоң бакыт экенин сезип ичинен Жаратканга шүгүр келтирип жатты…
Автору Насиба Абдуллаева.