Жарандык активист, «Мекенчил» партиясынын мүчөсү, көп жылдан бери Садыр Жапаровдун эркиндиги үчүн, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, колдоочусу болуп келген Талантбек Мамытов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду:

«Акыркы күндөрү региондордон келип, бирөөлөр аркылуу Садыр Жапаровко кирип сүрөткө түшүп алып, мен жакын адамы болом деп сүрөтүн көрсөтүп мактанган самозванецтер абдан көбөйүп кетти.

Урматтуу элим, канча жылдан бери Садыр Жапаров кимдер менен мамиле кылып жүргөнүн жакшы эле билип калдыңыздар. Кайсы бийлик келсе, ошол тарапка секирип өтүп, жашынган эки жүздүү кошоматчылар белгилүү эле болуп калды окшойт. Буюрса мындан ары андай шакалдардын арам ойлору ишке айтпайт деп ишенимдүү түрдө айта аламын. Адилеттүүлүк үчүн, балдарыбыздын келечеги үчүн калыс ой жүгүрткөн бойдон калалы. Ниетти жакшы кылып, өзгөрүүгө кадам таштайлы» — деп айтылат кайрылууда.