Көз тийүү деген бул күнүмдүк жашоода болгон нерсе. Жакшы көрүп, көрө албастык же кызганчаактык менен караганда көз тийиши мүмкүн. Көз тийүү бул ооруга чалдыктырат, жада калса өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Бул нерсе аялдарга жана балдарга көбүрөөк таасир бериши мүмкүн. Пайгамбарыбыздын доорунда Асад уулдарын көзү катуу тийген бир адам бар эле. Үч күн бою эч нерсе жебей, чатырдын бир жагын көтөрүп, анын жанынан өтүп бара жаткан төөнү карап: «Мен мындай төөнү эч качан көргөн эмесмин», — деп айтканда, төө жерге кулап түшүп ооруп калчу экен. Мушриктер бул кишини таап, андан Пайгамбарыбызды жаман көзү менен өлтүрүүнү каалашты. Бирок Аллах Таала бул көз-караштан Алла Элчисин коргогон. Ушул себептен Калам Сүрөсүнүн 51-аятында «Каапырлар сени көздөрү менен жыгылтууну каалашкан» деген аят түшүрулдү.

UMMOT.KG Каналыбызга катталыңыздар эң жакшы баяндар менен видеолорду сиздер менен бөлүшүп турабыз. Сизге жакса анда видеону бөлүшуңүз! Башкалар дагы көрсүн. Ватсап номери 0702 77 08 03 Эрмек Тынай уулу.