“Манас” эл аралык аэропортунун төрагасынынын кеӊешчиси Дайырбек Орунбеков 23-январдан тарта Красноярск-Ош-Красноярск чартердик аба каттамы учуп баштаганын билдирди.

23-январь күнү Красноярск шаарынан Ошко 125 адам учуп келип, кайра 189 адам учуп кетти. Каттамдар жуманын ишемби күнү, “Икар” авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.

Жума күнү 1 жолу “Манас” аэропортунан негиздеме (основаниеси) жок учсаӊыздар болот. COVID-19 вирусунун жок экенин тастыктаган жыйынтык менен.

Кошумча:

Европада, айрыкча Лондондо коронавирустун мутация болгон жаӊы түрү тарап, ал адамдардын жаш курагын ылгабай жугуп жатат. коопсуздук чараларын күчөтүү максатында, Кыргызстандын аймагына кирген бардык жүргүнчүлөрдөн COVID-19 илдетинин жок экенин тастыктаган ПЦР тестин жыйынтыгы талап кылынып жатат.

Кыргызстанга багыт алгандар, учаар алдында, мөөнөтү 72 саатан кеч болбогон убакта ПЦР тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен келишиӊиздер керек.

Элдин, жакындарыбыздын, туугандарыбыздын саламаттыгы үчүн бул талаптарды аткарууга чакырабыз!