2021-жылдын 23-январында “SECOM” билим берүү борборунда STEM-предметтерине басым жасоо менен Жалпы республикалык тестирлөөгө “Илимдеги кыздар” долбооруна катышкан кыздарга окутуулар башталды.
Алар Бишкек, Ош, Чуй облусу жана Ош облсунун Кара-Суу районан пилоттук 81 мектептен 387 окуучу тандалып алынган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 15-19 жаштагы окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүлмөкчү.
Долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.
«Илимдеги кыздар» программасы 2022-жылга чейин кеминде 15 000 кызды тренингдерге катышууга тартуу максатын көздөйт. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча командада мыкты, тажрыйбалуу адистер тартылган. Андыктан алдыга коюлган максатка жетебиз деп ишенем. “Илим кыз” долбоорундагы кыздардын маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, так илимдер, инженерия жана математика жаатында дараметин бекемдөө үчүн иш жүргүзүлөт.
Долбоордун негизги максаты-кыздарды STEM багытына кызыктыруу, тартуу. STEM(Science, technology, engineering, and mathematics)- бул илим, технология, инженерия, математика деп чечмеленгендиктен, долбоордун негизги багыты болуп кыз-келиндердин так илимдерге болгон кызыгуусун күчөтүү саналат.
Долбоордун максатын ишке ашырууда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан бүгүнкү күндө так илимде кыздардын орду, саны боюнча анализ жүргүзүү, менторлук иш-чара, кыздарды ЖРТга даярдоо менен так илим багыты боюнча окуу жайларга өтүүдө багыт берүү жана билим берүү стандарттарын анализдөө менен атайын колдонмо, программаларды даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
Долбоор алкагында 14-18 жаштагы 500 окуучу кыз жамааттарындагы жаш кыздарга үлгү боло ала турган жана миңдеген кыздарды өзгөрүүгө шыктандыруучу болууга даярдоого жардам көрсөтүлөт. Азырынча долбоорго Бишкек шаарынын жана Чүй, Ош облусундагы пилоттук мектептерден кыздар тандалып алынат. Кыздардын техникалык илимдерде ийгилик жаратып, карьерасын өстүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачуу боюнча иш жүргүзүлөт. Окутууларга калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздар да катыша алат.
Азыркы тапта долбоор алкагында экҫперт катары СТЕМ багыты боюнча баштапкы даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Менторлордун тизмесин түзүү, ОРТга даярдоо боюнча мугалимдердин тизмесин түзүлүп, менторлорго колдонмо, мугалимдерге колдонмолорду иштеп чыгарылды.